Ага Хан Фонду ирригация, жер айдоо жаатында сынак жарыялайт - байге беш орунга 10 миң доллардан

Ага Хан Фонду ирригация, жер айдоо жаатында сынак жарыялайт - байге беш орунга 10 миң доллардан

Ага Хан Фондунун “Жергиликтүү өнүгүү” долбоору климаттын өзгөрүүсүнө каршы туруктуулук тармагындасунуш-демилге темаларында сынак жарыялады. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Фонддун берген маалыматына таянсак, эң мыкты 5 команда 10 миң долларга чейин ута алат.

Долбоордук сунуш-демилгенин темалары:

  • Ирригациялык системаны жакшыртуу
  • Жерди айдоодо инновациялык куралдар жана ыкмалар
  • Импорттук химиялык материалдарды органикалык жер семирткичтерге, табигый пестициддерге алмаштыруу.

Конкруска катышуу үчүн толук маалыматты бул жерден алууга болот. Акыркы мөөнөт: 12 август 2022-ж. Суроолор боюнча: 0554 01 48 44

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-ооган ишкерлеринин түз кызматташуусуна шарт түзүү макулдашылды

Кыргыз-ооган ишкерлеринин түз кызматташуусуна шарт түзүү макулдашылды

Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Ооганстандын Соода-инвестициялык палатасынын төрагасы Саид Мохаммад Карим Хашими менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу Бишкекте өткөн Кыргызстан - Афганистан эл аралык экономикалык кызматташтык форумунун алкагында өттү. Иш-чарада эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын

Ошто тез жардам борборунун жаңы имараты курула баштады

Ошто тез жардам борборунун жаңы имараты курула баштады

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана Ош шаарынын мэри Жанар Акаев 94 жыл мурда курулган тез жардам борборунун имаратындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш министрлиги билдиргендей, жаңы тез жардам борбору бардык заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу имарат болот. Анда медициналык кызматкерлер үчүн ыңгайлуу

Ишкерлерди колдоого багытталган жаңы кадамдар талкууланды

Ишкерлерди колдоого багытталган жаңы кадамдар талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланова Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү, бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды. Тараптар чакан жана орто ишкерликти

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.