Финансы-кредиттик фонд сүт өндүрүү тармагына насыя бере баштады

Финансы-кредиттик фонд сүт өндүрүү тармагына насыя бере баштады

Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд сүт тармагына насыя бере баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

КРнын сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында «Сүт секторун кредиттөө долбоору» иштелип чыккан. Министрлик программа сүт өндүрүү үчүн бодо малдын санын көбөйтөт деп ишендирүүдө.

Белгиленгендей, айылдык товар өндүрүүчүлөргө 500 миң сомго чейин жана дыйкан чарбаларына 1 млн сомго чейин кредиттер берилет.

Насыялар төмөнкү шарттарда берилет:

  • жылдык 6% менен
  • 36 айга чейин
  • күрөө менен
  • 9 айга негизги карызды жабуу үчүн жеңилдетилген мөөнөт менен
  • квартал сайын төлөө
  • кепилдик менен 150 миң сомго чейин кредиттерди берүүнү карайт.
  • Кошумча маалымат алуу үчүн Финансы-кредиттик фонддун 0312 30 48 83, 0997 88 55 54, 0755 55 88 71 телефондоруна кайрылууга болот.
  • Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58, Борбордук Казыналык Министрлигинин имараты.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500