Катар мамлекети Бишкектеги оорукананын курулушуна 1 млн доллар берди - курулуш 1 жылда бүтөт

Бишкек шаардык №6 көп тармактуу клиникалык ооруканасынын аймагына кошумча оорукана курулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдиргенин министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Анын айтымында, оорукана 75 орунга ылайыкталып, заманбап медициналык жабдуулар орнотулган 3 кабаттуу имарат болот. Бейтапкананын негизги бөлүгүн хирургия жана кайра жандандыруу бөлүмдөрү түзөөрү пландалууда.

“Курулуш иштери Катар мамлекети тарабынан каржыланат. Жалпысынан 1 млн долларга жакын каражат бөлүнүп, тиешелүү документтерге кол коюлган.

Бүгүнкү күнү курулуш иштери башталды жана аны бир жылдын ичинде толук бутүрүү жоопкерчилиги “Лидер Хаус” компаниясына жүктөлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды