«Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамга кол коюлду. Кимге пайдалуу?

«Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамга кол коюлду. Кимге пайдалуу?

Президент Садыр Жапаров «Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам ЖК тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

“Креативдүү индустриалдык парктын түзүлүшү бардык чөйрөлөрдө алардын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн, жумуш орундарынын санынын, жогорку кирешелүү продукциянын экспортунун жана салык төлөмдөрүнүн динамикалык өсүшүн гана эмес, ошондой эле Кыргызстан креативдүү бизнес ачуу, карьералык өсүү жана инвестициялоо үчүн өлкө катары эл аралык жагымдуулугун жогорулатууну билдирет”, – деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын креативдүү өнөр жай ассоциациясынын маалыматы боюнча, КР мындай мыйзамды кабыл алган дүйнөдө биринчи өлкө болуп саналат.


Июнь айында бекитилген мыйзамга ылайык, креативдүү чөйрөдө иштегендер айрым салыктардан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотулат. Ага архитектор, дизайнер, блогер, музыкант, журналист, жарнама, графика, анимация сыяктуу 15ден ашык жаңы багыттагы иш жүргүзгөндөр кирет. Дал ушул тармакта иштегендер Креативдүү индустрия паркына мүчө болуп кирип, салык, социалдык төлөмдөр жаатында жеңилдиктерге ээ боло алышат.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) резиденттеринин кирешеси 81%га өсүп, 2 млрд 117 млн ​​сомго жеткен.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500