Жалал-Абад облусунда 600 бизнес долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 60 млн сом бөлүндү

Жалал-Абад облусунда 600 бизнес долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 60 млн сом бөлүндү

Аракети бар үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн Жалал-Абад облусуна 60 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев менен болгон жолугушуусунда билдирди.

“Жалал-Абад облусу боюнча 600 бизнес долбоорду ишке ашырууга республиканын бюджетинен 60 млн сом бөлүндү. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам жөнүндө долбоорунун алкагында “үй бүлөгө көмөк” жөлөкпул алуучулары 100 миң сом грант алуу үчүн сынака катыша алышат жана өз ишин ачканга мүмкүнчүлүк алышат. Бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жакырчылыктан чыгууга жардам берет” – деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, «Социалдык контракт» долбоорунун алкагында пилоттук режимде Кадамжай районунда, Баткен облусунда (50) жана Нарын облусунун Жумгал районунда (50) социалдык жактан аялуу категориясына кирген 100 үй-бүлөгө 100 миң сом өлчөмүндө гранттык каражаттар акысыз берилген.

2022-жылдын февраль айынан баштап долбоордун катышуучулары киреше алып келүүчү бизнес-пландарды ийгиликтүү ишке ашырышкан.

Ал эми Бишкектин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүн жакырчылыктан чыгаруу үчүн 35 млн сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500