Мамматрезерв Өзбекстандан алган 20 миң тонна жер семирткичтин 5 миң тоннасы гана КРга келди - бирок акча толук которулган

Мамматрезерв Өзбекстандан алган 20 миң тонна жер семирткичтин 5 миң тоннасы гана КРга келди - бирок акча толук которулган

Мамлекет мамлекеттик материалдык резервдер фондуна (ММРФ) Өзбекстандан 30 миң тонна жер семирткич сатып алуу үчүн 975 млн сом бөлүп берген. Бирок ММРФ 20 миң тонна сатып алган жана анын 4970 тоннасы учурда Кыргызстанга келген жана андан 7 тонна гана дыйкандарга сатылган. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлиги берди.

Үстүбүздөгү жылдын башында республиканын чарбакер субъектилерин минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөсүн толук камсыздоо жана стратегиялык запасты түзүү максатында, Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна (ММРФ) Өзбекстандан 30 миӊ тонна азоттук минералдык жер семирткичтерди алып келүү үчүн республикалык бюджеттен 975 млн 369.6 миң сом бөлүнүп берилген.

2022-жылдын 11-мартында ММРФ менен «Узкимёимпекс» ЖЧК ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде, бюджеттен бөлүнгөн акча каражатына 20 миӊ тонна аммиак селитрасын сатып алуу үчүн «Узкимёимпекс» ЖЧКсынын эсебине 917 млн 373 миң 124 сом, же 8 740 миң доллар, (КРУБнын курсу б-ча, 17.03.2022ж., 1 АКШ $ – 104.9626 сом) өткөрүлүп берилген.

Ушул жылдын март айында, ММРФ аркылуу 4977 тонна гана аммиак селитрасы ташып келинген жана алардын эсеби боюнча сатуу баасы түндүк региондорунда 1 кг үчүн 51.9 сомду, түштүк региондорунда – 48.9 сомду түзгөн.

“Узхимеимпекс” ЖЧК аркылуу сатылып алынган 4977 тонна көлөмүндөгү аммиак селитрасынын баасы 46.7 сом/кг болуп белгиленген.

“Азыркы учурда, ММРФ тарабынан калган 6 565 051 АКШ доллары суммасындагы акча каражатын кайтарып алуу демилгеси коюлууда. ММРФ тарабынан алынып келинген 4977 тоннадан 7 тоннасы сатылып калган 4970 тоннасы кампаларда сакталып турат. Учурда аммиак селитрасынын баасын арзандатуу жана сатуу боюнча аракеттер жүргүзүлүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Айыл чарба министрлиги калган 15 миң тонна жер семирткич качан алынып келинери жана бюджеттен бөлүнгөн акчадан калган 57.9 млн сом тууралуу маалымат берген жок.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу