Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу долбооруна тендер жарыяланды - АӨБ 250 млн сом бөлгөн

Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу долбооруна тендер жарыяланды - АӨБ 250 млн сом бөлгөн

Ош шаарынын элин таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 250 млн сомдук объектилерди курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 9-августта Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Ош шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу” программасынын алкагында Ош шаарынын суу алуучу курулмасын жана суу тосмосуна суу түтүгүн курууга тендер жарыяланганын билдирди.

Бул долбоордун негизги максаты – нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын мезгилинде калаа тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу.

“Бул жерде иш 2 этапка бөлүнгөнүн белгилей кетүү керек. Тендерде баарынан да курулуш компаниялардын техникалык базасынын күчтүүлүгүнө жана тажрыйбасына көңүл бурушат. Экинчи этап – иштин баасы. Катышуучуларды калыс жана объективдүү тандоого тыкыр көзөмөл болот”, – деди мэр.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын тургундары ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин шаар эли таза суусуз калат.

Бул долбоордун алкагында диаметри 1000 мм болгон 2.4 км суу линиясын тартуу пландалууда жана ага Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан 250 млн сом каралган. Курулуш мөөнөтү 2 жыл. Аталган долбоор боюнча иш 2016-жылы башталган. Долбоор ишке ашкандан кийин нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын мезгилинде жарандарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси 70-80%га чечилээри күтүлүүдө.

Буга чейин Ош мэри Мамбетов тендер июль айында жарыяланарын билдирген болчу.

Эскерте кетсек, 19-майда Ош шаарынын активисттери ар жааган жамгырдан улам токтоп калган таза суунун жоктугуна нааразы болуп, акцияга чыгышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу