Жыл башынан бери кыргызстандыктар Улуттук банктан дээрлик 223 кг алтын сатып алышты

Жыл башынан бери кыргызстандыктар Улуттук банктан дээрлик 223 кг алтын сатып алышты

Жыл башынан бери кыргызстандыктар Улуттук банктан дээрлик 223 кг алтын сатып алышкан. Мындай маалыматты 3-августтагы маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Ошондой эле ал 100 грамм салмактагы аффинаждалган куйманын баасы жыл башынан бери 3%га арзандап, учурда 495 миң 589.5 сомду жана кайра өткөрүү баасы 496 миң 716.5 сом түзүп жатканын айтты.

Белгилей кетсек, быйыл КР Улуттук банкы калкка алтын сатууда рекорддук көрсөткүчтөргө жетти. Президент Садыр Жапаров да буга жакшы жарнак жасап, февраль-март айларында доллардын курсу туруксуз болуп турганда кыргызстандыктарды аманаттарын алтын менен сактоого чакырган болчу.


Белгилей кетсек, Улуттук банк 1-февралдан тартып, атамекендик өндүрүштүн алтын куймаларын сатыкка чыгарып баштаган. Аффинаждалган алтын куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан 10 900 граммдан 13 400 граммга чейинки салмакта даярдалган жана куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99.95%ын химиялык таза металл түзөт.

Кошумча окуңузУлуттук банк 12 кг алтын куймаларын сатып баштады. Бир куймасы канча турат?

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500