Булуттук электрондук кол тамгасын алуу үчүн жеке жана юридикалык жактарга кандай документтер керек?

Булуттук электрондук кол тамгасын алуу үчүн жеке жана юридикалык жактарга кандай документтер керек?

Булуттук электрондук кол тамгасын (БЭК) алуу үчүн жеке жана юридикалык жактарга кандай документтер керектигин “Түндүк” мамлекеттик мекемеси билдирди.

Мекеме калкты тейлөө борборуна (КТБ) барып, булуттук электрондук кол тамгасын акысыз алууга болорун айтат. Булуттук электрондук кол тамгасы жеке адамдарга гана эмес, Бирдиктүү идентификациялоо системасына каттала турган юридикалык жактарга да берилет (мисалы, salyk.kg сайтына отчет берүүчүлөргө).

Жеке адамдар КТБга жекече кайрылышы зарыл, ошону менен бирге паспорту жана электрондук почтасы болушу кажет. Юридикалык жактар дагы уюмдун жетекчиси же ишенимдүү адамы аркылуу зарыл болгон документтер менен КТБга кайрылууга тийиш:

  • “Инфоком” МИнин Тастыктоо борборунун (ТБ) регламентине кошулуу жөнүндө макулдашуу (Макулдашууну infocom.kg сайтынын “Биздин ТБ” бөлүгүнөн жүктөп алса болот)
  • Юридикалык жактардын өкүлдөрү үчүн Тастыктоо борборунун колдонуучусунун ишеним каты (Ишеним катты infocom.kg сайтынын “Биздин ТБ” бөлүгүнөн жүктөп алууга болот)
  • Тастыктоо борборунун колдонуучусунун паспорт көчүрмөсү (түп нускасы жанында болушу керек)
  • Ыйгарым укуктуу өкүлдү кызматка дайындоо жөнүндө уюмдун буйругунун көчүрмөсү
  • Уюм жетекчисин дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсү
  • Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү
  • Электрондук почта.
  • Калкты тейлөө борборунун операторлору Бирдиктүү идентификациялоо системасынан берилген электрондук почтага сырсөз жөнөтөт.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик салык кызматы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен кызматташтыкта салык төлөөчүлөр үчүн булут электрондук кол тамганы берүү боюнча пилоттук долбоорун ишке киргизген.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500