Кореялык инвесторлор Баткенде 30 га аянтка соя эгишти - кийинки жылы 500 гектарга жеткирүүнү пландап жатышат

Кореялык инвесторлор Баткенде 30 га аянтка соя эгишти - кийинки жылы 500 гектарга жеткирүүнү пландап жатышат

“Алыш-Дан” био кооперативинин өкүлү Турсунали Төлөмүшов Түштүк Кореялык инвесторлор келип, Баткенге 30 га аянтка соя эгишкенин жана алар келерки жылы аны 500 гектарга чейин жеткирүү пландары бар экенин өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында, жыл башында Түштүк Кореядан инвесторлор келип, “ТулженКыргыз” компаниясын түзүү менен Баткенге соя өсүмдүгүн себип башташкан.

“Облус башчысынын орун басары Тимур Мысыровичтин жетекчилигинде аталган инвесторлор менен жергиликтүү бийлик жетекчилери ортосунда жолугушуу болуп өттү. “ТулженКыргыз” компаниясы быйылкы жылы 30га аянтка соя өсүмдүгүн себишкендигин жана кийинки жылга бул көлөмдү 500 гектарга жеткирүү пландары бар экендигин айтышты.

Мындан сырткары, жүгөрү өсүмдүгүн себүү менен фермерлер үчүн жакшы тоют даярдоо пландары бар экендигине токтолушту. Соя өсүмдүгүнөн жогорку сапаттагы май алууну көздөшүүдө. Баткендин суу чыкпай жаткан жерлерине жер астынан суу чыгарып, айдоо жерлерге жана бакка айлантуу максаттары күч экендигин айтышты. Баткендин кооптуу аймак экендигине карабай, айыл чарбасын өнүктүрүүгө салым кошуп иштеп жаткан “ТулженКыргыз” компаниясынын ишине ийгиликтерди каалайбыз”, – дейт ишкер.

Эскерте кетсек, кыргыз бийлиги чек ара окуяларынан кийин Баткен облусуна 1 млн доллар өлчөмүндө инвестицияларга (КРнын башка аймактарында 3 млн доллардан кем эмес), Баткен облусу үчүн тоо-кен тармагына 10 млн АКШ доллар инвестицияларга (башка аймактарда 20 млн доллардан кем эмес) мамлекеттик кепилдиктер берилерин жана мамлекет инвесторлорго келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенерин билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500