МСК жүк ташуучу унааларга навигациялык пломбаларды коюуну 2023-жылга чейин узартты

МСК жүк ташуучу унааларга навигациялык пломбаларды коюуну 2023-жылга чейин узартты

Салык кызматы импорттолуучу товарларга байкоо жүргүзүү үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду узартты. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, МСК өткөн жылы башталган КРнын аймагы аркылуу авто унаа менен товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонууну тестирлөө боюнча пилоттук долбоорду 2022-жылдын 15-февралына чейин узарткан болчу.

Аталган пилоттук долбоор тышкы экономикалык иштердин катышуучуларын ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонууну киргизүүгө даярдоо максатында ишке ашырылууда жана 2023-жылдын 31-январына чейин иштейт.

Контролдук пломбаларды коюу МСК тарабынан жүргүзүлөт, ал эми навигациялык пломбаларды коюу КРнын Эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясы (Товарларды ташууга байкоо жүргүзүү системасынын улуттук оператору) менен биргеликте жүзөгө ашырылат.

Пилоттук долбоордун жүрүшүндө жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу тобокелдикке багытталган ишкердик субъектеринин транспорт каражаттарынын жүк жүктөлүүчү жайларында (бөлүктөрүндө) контролдук жана/же навигациялык пломбалар акысыз негизде орнотулат.

Буга чейин пилоттук долбоорго КРнын аймагына алкоголдук жана тамеки продукцияларын ташып келүүчү 6 компания – FORESTER, «Сибирь Трейд», «Глобал Риверс», «Крона Трейд», «Тобако Маркет», «Росс Табак» ЖЧКлары катышкан болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500