«Улуттук энергохолдинг» энергетикалык компанияларды бириктирүүдөн 1 млрд сом акча үнөмдөлөт деп пландоодо

«Улуттук энергохолдинг» энергетикалык компанияларды бириктирүүдөн 1 млрд сом акча үнөмдөлөт деп пландоодо

Энергетикалык компанияларды бириктирип чоңойтуу аркылуу 1 млрд сом акча каражаты үнөмдөлүп, ал кубаттуулуктарды көбөйтүүгө которулат. Бул тууралуу “Улуттук энергохолдинг” билдирди.

Кыргызстандын “Улуттук энергохолдинг” ишканасы энергетика секторунун башкаруу түзүмүнө реформа жүргүзүп жатканын, бүгүнкү күндө акционерлердин кезексиз жалпы чогулуштары аркылуу компанияларды өзгөртүп түзүү жана аларды бириктирүү боюнча керектүү чечимдер кабыл алынганын билдирди.

Ошондой эле сентябрь айында реформалардын биринчи орундагы маанилүү баскычтарынын бири – КРнын энергетика тармагынын башкаруу түзүмүн өзгөртүп түзүү иши аягына чыгарылат. Концепцияга ылайык, ишканаларды бириктирип чоңойтуу аркылуу 1 млрд сомдук акча каражаты үнөмдөлүп, ал кубаттуулуктарды көбөйтүүгө которулат. Буга карата өткөн жылдын ноябрь айында Коопсуздук кеңеши тарабынан энергетика секторун башкаруу түзүмүнө реформа жүргүзүү чечими кабыл алынган”, – деп айтылат мекеменин маалыматында.

Эске сала кетсек, реформаларды баскычтуу түрдө ишке ашыруу максатында буга чейин жол картасы иштелип чыккан. Биринчи баскычта “Улуттук энергохолдинг” ишканасы жана Энергетика министрлиги тарабынан жол картасынын алгачкы пунктулары макулдашылып, ишке ашырылган.

Реформанын алкагында бири бирин туураган окшош энерго компаниялар бириктирилип, чоңойтулат. Мында “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, “Ошэлектр” жана “Жалалабатэлектр” ААК ишканалары “Кыргызстан Улуттук электр тармактары” ААКы менен, андан сырткары “Бишкекжылуулуктармактары” акционердик коому “Электр станциялары” ААКы менен бириктирилет.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500