Баткен районунун ишкерлерине 66 млн сомго 93 жеңилдетилген насыя берилди

11-августка карата «Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо» долбоорунун алкагында ишкерлерге 66 млн сомдук 93 насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик долбоордун максаты – Баткен облусун мындан ары өнүктүрүүнү, жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыяларды берүү аркылуу ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү экенин белгиледи.

Бул долбоордун алкагында бул жылдын аягына чейин коммерциялык банктар Баткен обслусунун чек арага жакын аймактарында иштеген чакан жана орто бизнеске каражаттарды жеңилдетилген пайыздык чен менен берет. Ошондой эле кредиттик келишимдер ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлөт.

Бул долбоор боюнча насыя алуу шарттары боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн “Айыл Банктын”, “РСК Банктын” жана “Керемет Банктын” Баткендеги филиалдарына кайрылса болот.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?

Улуттук банк айыптарды салды