900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды
Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери деп тааныштырган жаранды кармады.
Прокуратуранын маалыматына ылайык, М.Д. аттуу шектүү чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанга кирүүгө уруксат берүүчү документтерди алып берүүгө жардам берерин айтып, бул кызмат үчүн 900 миң сом талап кылган.
Шектүү акчаны алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу