Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана анын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө максатында көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Райондук мамлекеттик администрация кабарлады.

Маалыматына ылайык, учурда райондо көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда. Аким Темирболот Абыкеевдин тапшырмасы менен көмүрдүн чекене бааларына туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө.

Бул иштер Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026-жылдын 22-октябрындагы №84 буйругунун жана Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн 4-ноябрдагы №51 буйругунун негизинде аткарылууда.

Учурда райондо көмүрдүн баасы төмөнкүдөй белгиленген:

  • Кара-Кече көмүрүнүн 1 тоннасы 8 100 сомдон, килограммы 9 сомдон ашпоого тийиш;
  • Таш-Көмүр көмүрүнүн 1 килограммы — 9 сом;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан арзандатылган баада жеткирилген көмүрдүн 1 килограммы — 8 сом.

Мындан тышкары, "КАЗ Минералз Бозумчак" ЖЧКсынын демөөрчүлүк колдоосу менен Ынтымак айыл аймагынын тургундарына көмүрдүн килограммы 7 сомдон жеткирилген.

Райондук администрация көмүрдүн баасына көзөмөл жүргүзүү жана калкты жеткиликтүү баада отун менен камсыздоо иштери улантыларын белгиледи.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?

Улуттук банк айыптарды салды

"Кыргызтест" сертификаты эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу берилиши мүмкүн

Нарындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу 65%га аткарылды