Улуттук банк айыптарды салды
2026-жылдын 3-чейрегинде төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына инспектордук текшерүүлөр жүргүзүлүп, 9 айып пул салынды. Айып көлөмүнүн жалпы суммасы 1 млн 521 миң 609 сомду түзгөн.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, мындан тышкары ушул аралыкта тышкы көзөмөлдүн алкагында төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына жалпы суммасы 165 миң сомго 3 айып чегерилген.
Ошондой эле Улуттук банкта эл аралык электрондук акча системасынын 4 операторунун каттоосу жокко чыгарылган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу