Балыкчы - Барскоон жолунун 10 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү

Балыкчы - Барскоон жолунун 10 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү

Бүгүнкү күнгө карата «Кыргызалтын» ААКтын каржылоосу менен оңдолуп жаткан Балыкчы – Барскоон жолунун 10 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын жол куруучу ишканалар ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы узундугу 141.64 км түзгөн Балыкчы – Барскоон жолун реконструкциялоону башкы подрядчы катары Жол куруучу ишканалар ассоциациясы ишке ашырууда.

Уюм жолду оңдоо долбоору эки фазага бөлүнөрүн белгиледи:

  • I фазага Балыкчы шаарынан Ак-Сай айылына чейинки узундугу 71 км (0дөн 71-километрге чейин) тилке кирет – аны башкы подрядчы «Кыргыз Жол Курулуш» ЖЧКсы ишке ашырып жатат.
  • II фазага Ак-Сай айылынан Барскоон айылына чейинки узундугу 70.64 км (71ден 141.64-километрге чейин) тилке кирет – аны «Арек Строй» жол куруу ишканасы ишке ашырууда.

Бүгүнкү күнгө карата жолдун 10 чакырымдан ашыгы асфальтталып, 25 чакырымында жер иштери 100%га бүтүп, жасалма курулмалар орнотулуп жатканын Кыргызстандын жол куруучу ишканалар ассоциациясы билдирди.

Жолдун 29-чакырымында эки жаңы асфальт-бетон заводу жана майдалоочу жана электөөчү комплекстер орнотулду.

Долбоордо жалпысынан 1000ден ашуун адам иштеп жатат, алардын көбү Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун жергиликтүү тургундары.

2021-жылдын 1-августунда башталган долбоордун биринчи этабына 11 ата мекендик компания субподрядчы катары тартылган эле. Алар: «Мостдорстрой» ЖЧК, «Чу прокси» ЖЧК, «Жолчу» ЖАК (Талас), «РюЗ Компани» ЖЧК, «Досинжиниринг» ЖЧК, «Сармат» ЖЧК, «ТрансстройдорСервис» ЖЧК, «Иссык-Куль Дорстрой» ЖЧК, «Билдинг менеджер групп» ЖЧК, «Дили» ЖЧК жана «Жолчу» ЖАК (Чүй).

Бүгүнкү күндө узундугу 46 км долбоордун экинчи этабы башталып, аны ишке ашырууга 12 ата мекендик компания катышууда.


Балыкчы – Барскоон жолу 50 жылдан ашык убакыттан бери оңдолбой келген бөлүгү 2021-жылдын август айынын башында реконструкциялана баштаганын буга чейин Economist.kg маалымдаган.

Долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Мамлекет башчысы 2021-жылдын 15-июнунда Кумтөр кени сырттан башкаруу киргизилгенден кийин биринчи жолу барган сапарында ишкананын жумушчулары менен баарлашып жатып, жол Кумтөрдөн түшкөн каражаттын эсебинен оңдолот деп айткан.

Реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин бул жол тосмо менен бөлүнгөн төрт тилкелүү жолго айланат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500