Үч кыргызстандык стартап Мароккодо өтүүчү A-Hub акселератордук программасынын финалына катышат

Үч кыргызстандык стартап Мароккодо өтүүчү A-Hub акселератордук программасынын финалына катышат

Үч кыргызстандык стартап эл аралык акселератордук A-Hub программасынын финалына чыгып, Мароккого жолдомо утушту. Финалда алар инвесторлорго долбоорлорун сунуштап, баш байге үчүн ат салышат.

Акселератордук программага катышуу үчүн Кыргызстандын бардык аймактарынан 86 арыз түшкөн, анын ичинен 15 IT-долбоор тандалып алынган.

Акселерациянын алкагында катышуучулардын астына деңгээлин жогорулатуу, чыгармачыл, технологиялык жана маданий потенциалын жогорулатуу, бизнес-процесстик көрсөткүчтөрдү жакшыртуу жана продукцияга суроо-талап бар экенин жана туруктуулугун далилдөө максаттары коюлган. Аларга бир ай бою тренерлер семинарлар жана воркшоптор аркылуу жардам беришкен.

Стартаптардын арасында онлайн-ферма, үйдө жасалган тамак-аш жеткирүү кызматы, камсыздандыруу компаниялары үчүн платформа, фотосток жана башка кызыктуу идеялар сунушталды.

Финалда 11 команда тажрыйбалуу стартапчылар, бизнес-акселераторлордун өкүлдөрү кирген калыстар тобуна кыскача презентацияларын көрсөтүштү. Жыйынтыгында 3 стартап Мароккодо 2022-жылдын ноябрь айында өтө турган чоң финалда өз долбоорлорун көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту:

  • Fin.KG – финансы, инвестиция жана акча топтоо боюнча акысыз онлайн-жардамчы. Стартаптын сервистери кредиттик жана депозиттик продуктыларды тандоого, эсеп ачууга, карталарды чыгарууга, микрокредиттерди алууга жана камсыздандырууга онлайн-арыздарды тапшырууга жардам берет.
  • Til Zone – бул чет тилдерин үйрөнүү үчүн платформа. Tilzone-до видеобайланыш жана электрондук окуу китеби бар, окутуучу менен окуучу көнүгүүлөрдү бирге жасай алышат. Система аткарылган тапшырмаларды автоматтык түрдө текшерип, сүйлөө практикасына көбүрөөк убакыт берет. Ошондой эле, платформа аркылуу мугалим тапшырмаларды жана дилбаяндарды текшерип, комментарий жана баа бере алат.
  • Dofphotos – Кыргызстандагы сүрөттөрдү мыйзамдуу жол менен колдонууга жана сүрөтчүнүн автордук укугун коргоого кепилдик берген биринчи фотосток. Өлкөдөгү жана Борбор Азиядагы жаңылыктарды чагылдырган, репортаждык жана архивдик сүрөттөрдү www.dofphotos.com сайтынан тапса болот.

Бул акселератордук программа исламдык ICESCO билим берүү, илим жана маданият уюму, казакстандык MOST бизнес-инкубатору жана кыргызстандык DevCIT бизнес-акселератору тарабынан уюштурулган. Программанын өнөктөшү – Кыргызпатенттин Инновациялык борбору.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500