Нефтетрейдерлер дизель майы кымбаттайт деп эскертишти – Россиядан экспорт азайып баратат

Нефтетрейдерлер дизель майы кымбаттайт деп эскертишти – Россиядан экспорт азайып баратат

Россия экспортту азайтышынан улам жакында Кыргызстандын нефтетрейдерлери дизель майынын баасын көтөрүүгө аргасыз болушат. Бул тууралуу алар 16-августта Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысы Кеңешбай Тайлаков менен жолугушууда айтышты, деп билдирет комитеттин басма сөз кызматы.

Нефтетрейдерлердин айтымында, жыл башынан бери дизель майынын сатыктагы баасы тоннасына 600 долларга, АИ-92 бензини болсо – тоннасына 370 долларга чейин жогорулаган. Ал эми акыркы айда нефтти кайра иштетүүчү россиялык заводдор дизелдик отундун дүң баасын тоннасына 300 долларга көтөрдү.

Буга байланыштуу нефтетрейдерлер дизел майынын ички баасын көтөрүүгө аргасыз болушарын айтышууда.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу күйүүчү майды саткандар менен керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын теңдөө максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы нефтетрейдерлерге төмөнкүдөй сунуштарды берди:

  • Бааларды кармоо боюнча чараларды көрүү, баа саясатын тууралоо.
  • Рынокту толтуруу үчүн жана мунай продуктылары тартыш болушуна жол бербөө үчүн зарыл болгон запастарды алдын ала камсыз кылуу.
  • «Атаандаштык жөнүндө» КР мыйзамынын талаптарын так сактоо.
  • Контролду күчөтүү жана май куюучу жайларда толук куйбай, керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушуна жол бербөө.
  • Рынокто жагдай өзгөргөн учурда алдын ала чараларды көрүү үчүн Монополияга каршы кызмат менен байланышта болуу.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500