Акылбек Жапаров Кара-Балта спирт заводуна ата мекендик арак чыгаруучу жаңы линия орнотууну тапшырды

Акылбек Жапаров Кара-Балта спирт заводуна ата мекендик арак чыгаруучу жаңы линия орнотууну тапшырды

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта спирт заводуна ата мекендик арак чыгаруучу жаңы линияны орнотуу боюнча өнөктөштөр менен тез арада сүйлөшө баштоону тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта, минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, минкаб башчысы заводго барган иш сапарында “люкс” классындагы продукциянын сапатынан эч ким кынтык таппай турган кылып, ишкананын лабораториясын эл аралык стандарттагы заманбап жабдыктар менен жабдууну тапшырды. Ал ошондой эле заводдун продукциясын чет өлкөгө экспорттоо маселелерин талкуулады.

Жапаров ошондой эле ишкананын бардык аймагына асфальт төшөө, алкоголдук ичимдиктерди сактоочу жайларды оңдоо, дозалоо системасын жаңылоо, башкаруу системасын компьютерлештирүү сыяктуу тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жетекчилерге завод кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү, уникалдуу адистердин айлыгын атайын коэффициент менен эсептөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500