«Үмүт жана Ко» компаниясынын ээлеринин бири Абдуллаевдин кеңсесинен ар кандай валютада 822 млн сом табылды

«Үмүт жана Ко» компаниясынын ээлеринин бири Абдуллаевдин кеңсесинен ар кандай валютада 822 млн сом табылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери тарабынан кармалган «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын ээлеринин бири Журат Абдуллаевден ар кандай валютадагы 822 млн сомго барабар акча алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта, аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, тергөө-оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө Абдуллаевдин «Үмүт жана Ко» ишканасындагы кеңсесинен ар кандай калибрдеги ок-дарылар, 2.03 грамм өсүмдүк тектүү баңгизат жана ошондой эле ири өлчөмдөгү акча сакталган жашыруун жай табылган.

Жашыруун жайда төмөндөгүдөй акчалар табылган:

7 354 475 доллар
209 164 100 сом
100 960 евро
1 055 900 рубль
155 дирхам

Алынган каражаттардын жалпы суммасы 822 млн сомго барабар.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500