Казакстандын чек арага жакын аймактарында дизель майы кымбатыраак сатыла баштады

Казакстандын чек арага жакын аймактарында дизель майы кымбатыраак сатыла баштады

Казакстандын башка мамлекеттер менен чектеш аймактарында кечээтен бери, 22-августтан тартып, дизелдик отунга дифференцияланган баалар киргизилди. Эми башка мамлекеттердин, анын ичинде биздин жарандар Казакстанда дизель майын кымбатыраак баада сатып алышат. Бул тууралуу казакстандык Vlast.kz басылмасы билдирди.

22-августта мунай продуктуларынын чекене сатыктагы бааларын белгилөө боюнча Казакстандын Энергетика министрлигинин буйругу күчүнө кирди, деп билдирет басылма.

Ал буйрукка ылайык, төмөнкү маркалардагы бензиндин баасы мурдагы деңгээлде калды: АИ-80 – литрине 89 теңге (рыноктук курс боюнча 9.8 сом), Костанай жана Түндүк Казакстан облустарында, АИ-92 жана АИ-93 маркалары – литрине 187 теңге (20.6 сом), Казакстандын башка аймактарында – 182 теңге (20 сом), дизель майынын баасы – литрине 450 теңге (рыноктук курс боюнча 49.5 сом, ал эми УБ курсу боюнча – 76.5 сом).

Ошондой эле буйрук дизелдик отунга чектөө койгондугу тууралуу айтылды. Тактап айтканда, Казакстандын жарандары айдоочулук күбөлүгүн көрсөтүп, күнүнө 100 литрди регионго жараша литрин 230-260 теңгеден (25-29 сом) сатып алса болот. Жүк ташуучу унаалар, атайын, адистештирилген унаалар жана автобустар үчүн, ошондой эле Казакстанда автотранспорттун каттоо күбөлүгү барлар, суткасына ушул эле баада 300 литрге чейин куя алышат. Калган категориядагыларга, ошондой эле дизель майын белгиленген лимиттен жогору сатып алгандарга 1 литри 450 теңгеден (49.5 сом) сатылат.

Эске сала кетсек, буга чейин Казакстандын энергетика министри дизелдик майга дифференцияланган баалар жана чектөөлөр киргизилерин айткан эле.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500