Ош шаары 2025-жылга чейин өнүгүү программасына 12.2 млрд сом инвестиция тартмакчы

Ош шаары 2025-жылга чейин өнүгүү программасына 12.2 млрд сом инвестиция тартмакчы

Ош мэриясы 2022-2025-жылдарга карата «Келечекке татыктуу шаар» аталган социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жалпысынан 16 млрд 844 млн сомдук каржылоо менен ишке ашырып жатат.

Ош мэриясынын басма сөз кызматынын айтымында, мындай маалыматты түштүк борбордун вице-мэри Марс Исаев 22-августта Инвестициялар агенттигинин директору Равшан Сабировдун катышуусу менен өткөн жыйында билдирди. Көчмө жыйында бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясат түзүү маселеси талкууланды.

Вице-мэрдин айтымында, шаарды өнүктүрүү программасына бөлүнгөн жалпы каражаттын 12.2 млрд сомун инвестициялык каражаттар түзөт. Исаев ошондой эле аймактарда бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты ишке ашыруу аймактардын өздөрү үчүн да, өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн да абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы белгилегендей, иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусун жана Ош шаарын өнүктүрүү долбоорлору көрсөтүлүп, туризм тармагын өнүктүрүү экономикага мультипликативдик натыйжа берери айтылды.

Ал эми Инвестициялык агенттиктин директору Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты түзүү жөнүндө КР президентинин жарлыгын ишке ашырууда негизги аспекттерди белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500