Кумтөрдө финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, Бөлтүрүк кызматтан алынды

Кумтөрдө финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, Бөлтүрүк кызматтан алынды

Эсеп палатасы Кумтөр кениндеги сатып алуулар боюнча финансылык мыйзам бузуулардын бетин ачты. Бул тууралуу кечээ, 23-августта, минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кумтөр толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу быйылкы жылдын май айында Эсеп палатасы тиешелүү текшерүү жүргүзгөн.

Натыйжада кенде финансылык мыйзам бузуулар аныкталган: күйүүчү-майлоочу материалдар, азык-түлүк, запастык тетиктер рыноктук баалардан жогору баада сатып алынган.

Буга байланыштуу Теңиз Бөлтүрүк жана финансылык директору Рыспек Токтогулов “Кумтөрдүн” жетекчилигинен алынышты.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна жаңы жетекчилер дайындалды.

Ошол эле учурда Теңиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калганын минкаб билдирди.

КР Башкы прокуратурасы жалпы көзөмөлдүн алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК), ИИМ жана Эсеп палатасынын кызматкерлери менен бирге текшерүү иштерин баштады. Бул текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча так маалымат коомчулукка кийинчерээк берилет.

Бүгүнкү күндө кенде алтын өндүрүү боюнча эч кандай көйгөй жок. Жылдык план аткарылат. Быйыл 17.5 тонна алтын казылып алынат, деп билдирди минкаб.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500