Кытайлык Foton компаниясы менен Ошто автобус чыгаруучу заводун ачуу маселеси талкууланды

Кытайлык Foton компаниясы менен Ошто автобус чыгаруучу заводун ачуу маселеси талкууланды

Ош шаарында кечээ, 23-августта, биринчи вице-мэр Марс Исаев Кытай Эл Республикасынан келген бир катар инвесторлор менен жолукту. Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүштү, деп билдирди Ош мэриясынын басма сөз кызматы.

  • КМШ өлкөлөрүндө Foton маркасынын автобустарын сатуу боюнча директор Лю Гуанвэй менен жолугушууда Ош шаарында автобус чогултуу боюнча биргелешкен ишкана ачуу жана жергиликтүү башкаруу органдары менен бирге өндүрүштү өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.
  • Ошондой эле Хэнань университетинин Жибек Жолу Кыргыз-Кытай институтунун аткаруучу директору Лян Чжянь Чжун менен жолугушуу өтүп, анда аталган университеттин факультетин Ош шаарында ачуу, туризмди жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелери тууралуу сөз жүрдү.
  • Ага улай Кытай темир жолунун биринчи тобунун Түштүк Азия өкүлчүлүгүнүн өкүлү Гай Цай менен саркынды суу системасын модернизациялоо, суу менен камсыздоо тутумдарына фильтрлерди орнотуу боюнча сунуштар жөнүндө талкуу болду.

Жолугушуунун соңунда тараптар пландалган долбоорлорду мындан ары өнүктүрүү жана ишке ашыруу үчүн тыгыз байланышта болууну макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500