Жапаров менен Ташиев Кумтөргө барып, «КГК» компаниясынын жаңы президенти Алмаз Барыктабасовду тааныштырышты

Жапаров менен Ташиев Кумтөргө барып, «КГК» компаниясынын жаңы президенти Алмаз Барыктабасовду тааныштырышты

Минкаб жетекчиси Акылбек Жапаров жана анын орун басары Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине иш сапары менен барып, «Кумтөр Голд Компанинин» жаңы президенти Алмаз Барыктабасовду тааныштырышты, деп билдирди минкабдын басма сөз кызматы.

Жапаров кенге барган иш сапарынын алкагында кеңешме өткөрүп, алтын өндүрүүчү ишкананын жетекчилигине «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын жаңы дайындалган президенти Алмаз Барыктабасовду тааныштырды. Ал ошондой эле компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп Болотбек Идирисов дайындалганын билдирди.

“Кумтөр Кыргызстандын эли үчүн иштеши керек. Биз ишкананын жетекчилеринен эффективдүү жана сарамжалдуу башкарууну талап кылабыз. Жерде бир күкүм нан да жатпашы керек. Кумтөр элдин байлыгы жана ал элге гана пайда алып келиши керек.

Иш-чараларга көзөмөл катуу болот. Коррупциянын эч кандай түрү болбошу керек. Карьер бир секундга да ишин токтотпошу керек. Эч кандай каталар болбошу керек. Иш пландарыңызды дүйшөмбүгө чейин министрлер кабинетине тапшырыңыз. Ошону менен бирге 17.5 тонна алтын казып алуу боюнча белгиленген планды аткаруу зарыл», – деди Жапаров.

Минкаб башчысы ошондой эле компаниянын жаңы жетекчилигине жана кызматкерлерине ийгиликтерди жана жемиштүү иш каалады, деп кошумчалады минкабдын басма сөз кызматы.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500