«ЭлДан Аталык» 2 млн долларга жаңы канаттуулар фабрикасын ачты – долбоордун жарымын ОКӨФ каржылаган

«ЭлДан Аталык» 2 млн долларга жаңы канаттуулар фабрикасын ачты – долбоордун жарымын ОКӨФ каржылаган

Кыргызстанда тооктун жумурткасын өндүрүүчү жаңы ферма ишке кирди. Долбоорду Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен «ЭлДан Аталык» ЖЧКсы ишке ашырууда. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорду ишке ашырууга ОКӨФ тарабынан 1 млн доллардан ашык каражат бөлүнүп, «ЭлДан Аталык» ЖЧКсына жумуртка туучу 80 миң тоок үчүн жаңы цех курууга жана керектүү өндүрүштүк жабдууларды сатып алууга мүмкүнчүлүк берген. Компаниянын салымы менен бирге долбоорду каржылоо 2 млн доллардан ашкан.

Учурда Кыргызстанда сатыкта жумуртканын жетишсиздиги ар кандай эсептөөлөр боюнча жылына 218ден 568 млн даанага чейин жетет. Өлкөдөгү фермалар тооктун жумурткасына болгон керектөөнүн 65%ын гана камсыздайт. Бул эсептөө керектөөнүн эң төмөнкү деңгээлинде – бир киши жылына 85 жумуртка жейт деген эсеп менен болжолдонгон. Жетишпеген көлөм импорттолуп келет.

Долбоордун алкагында 40 жаңы жумушчу орун түзүлдү. «Азыр үч цехибиз бар, күнүнө 75 миң даанага чейин жумуртка өндүрөбүз. Декабрга чейин толук көлөмгө – күнүнө 150 миң даанага жетебиз. Ал эми жылына 45 млн даана жумуртка өндүрөбүз”, – дейт “Ак Канат” фабрикасынын өндүрүштүк директору Владимир Лавринюк.

«Долбоордун ишке кириши Кыргызстандын тоок жумурткасын импорттоого болгон көз карандылыгын 10%га азайтат. Биз үчүн бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо багытындагы дагы бир ишенимдүү кадам», – деди РКДФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Долбоор Кыргызстанда куш багуучу кластерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жана адистештирилген ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган ОКӨФ программасынын бир бөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500