Кыргызстандын азыркы мамлекеттик карызы боюнча акыркы төлөм 2062-жылы төлөнөт

Кыргызстандын тышкы мамлекеттик карызын төлөө планына ылайык, өлкөнүн учурдагы милдеттенмелери боюнча акыркы төлөм 2062-жылы жүргүзүлөт. Бул тууралуу Economist.kg-ге Финминден билдиришти.

Мындай маалыматтар учурдагы күчкө ээ жана кол коюлган кредиттик келишимдердин негизинде берилди, деп тактады министрлик.

Азыркы учурда ведомство 2024-жылга чейинки төлөмдөрдүн саны боюнча маалымат берди.



Эске сала кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5.1 млрд доллар болсо, анын 4.2 млрд доллары – өлкөнүн тышкы карызы. Эң ири кредитор Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы (1.8 млрд доллар). Толук маалымат “Кыргызстандын мамлекеттик карызы. Кимге жана эмне үчүн карызбыз” материалында берилген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды