«Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорунун алкагында «Бал» 11-агроөнөр жай кластери түзүлдү

Аарычылыкты өнүктүрүү максатында, бал жана анын азыктарын өндүрүү жана сатуу үчүн «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорунун алкагында «Бал» 11-агроөнөр жай кластери түзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Бал» агроөнөр жай кластерин түзүүнүн максаты – бул азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, агроөнөр жайлык кластерлерди өнүктүрүү аркылуу жеңилдетилген кредиттөө жана лизинг аркылуу агрардык сектордун чарба жүргүзүүчү субъекттерин колдоо болуп эсепетелет”, – деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, буга чейин айыл чарбасына берилчү жеңилдетилген кредитти алууга бал өндүрүү тармагы кирбей калган. Бул тууралу 18-апрелде Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылган эле.

Республика боюнча бир аары үй-бүлөсүнөн алынган товардык балдын орточо түшүмү орто эсеп менен 30-50 кг чейин жетип, жалпы чогултулган балдын дээрлик 75%ын жогорку сапаттагы тоо балы, калганы – 25%ын ар кандай бал өсүмдүк балы түзөт.

Республика боюнча бир кишиге балдын жылдык керектөөсү 0.4 кг.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды