Экономиканын финансы секторунун кирешеси жарым жылда 46.1 млрд сомду түздү

Экономиканын финансы секторунун кирешеси жарым жылда 46.1 млрд сомду түздү

2022-жылдын январь-июнунда экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1.5 эсеге көбөйүү менен 46.1 млрд сомду түзгөн. Мындай маалыматты Улутстатком берди.

Бул банк секторунун кирешелеринин өсүшүнүн эсебинен камсыз болгон. Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 27.7 млрд сомду түзуп, 37%га өскөн.

2022-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ишканалардын 66% пайда алышты, ал эми 13.5% – чыгаша алды.

Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 18.4 млрд сом пайда суммасында түзүлдү, бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1.8 эсеге (8.2 млрд сомго) көп.

Пайданын өсүшү коммерциялык банктар (6.5 млрд сомго) жана Улуттук банк менен (1.7 млрд сомго) камсыздалган, бул чет өлкөлүк валюта операциялары боюнча кирешелеринин көбөйүшү себеп болду.

2022-жылдын 1-июлуна карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 217 миллиарддан ашык сомду түзгөн.

Банктык секторуна кредиттердин жалпы көлөмүнүн 86%, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарынын секторуна – 14% туура келген. Кредиттөөнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 25.6%), айыл чарба (20%), керектөө муктаждыктары (17%), ипотека (10%) жана курулуш (7%) болуп саналды.

2022-жылдын I жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунда 594 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 556 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 14 камсыздандыруу компаниясы ишин жүргүздү.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500