Эми юридикалык жактарды каттоону жана алардын ишин токтотууну 3-6 саатта бүтүрсө болот - токтом чыкты

Эми юридикалык жактарды каттоону жана алардын ишин токтотууну 3-6 саатта бүтүрсө болот - токтом чыкты

Кыргызстанда юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин кыска мөөнөттө, тагыраак айтканда, 3-6 саат ичинде токтотулганын каттоого мүмкүндүк берген токтом чыкты.

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө КРнын кодексинин 45-беренесин ишке ашыруу максатында, «КРнын министрлер кабинети жөнүндө» КРнын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, министрлер кабинети токтом чыгарды.

1. Жыйымдын өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленди:

1) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо үчүн:

  • КРнын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө – 507 сом
  • 1 жумуш күндүн ичинде – 1200 сом
  • 6 сааттын ичинде – 2500 сом
  • 3 сааттын ичинде – 3200 сом.

2) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик кайра каттоо үчүн:

  • КРнын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө – 457 сом
  • 3 жумуш күндүн ичинде – 1700 сом
  • 1 жумуш күндүн ичинде – 3000 сом
  • 6 сааттын ичинде – 3700 сом.

3) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) ишинин токтотулганын мамлекеттик каттоо үчүн:

  • КРнын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө – 526 сом
  • 3 жумуш күндүн ичинде – 940 сом
  • 1 жумуш күндүн ичинде – 1880 сом
  • 6 сааттын ичинде – 2820 сом.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500