Салык кызматы сентябрда транспорт, турак жай жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзөт

Салык кызматы сентябрда транспорт, турак жай жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзөт

Салык кызматы сентябрда транспорт, турак жай жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд баштайт. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматы сентябрь айында транспорт каражатына, турак жайга жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзө баштайт.

Мыйзамга ылайык, белгиленген мөөнөттө салык төлөөгө үлгүрбөй калган транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогунун ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары административдик айып төлөөгө, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат.

Эскерте кетсек, 1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:

  • транспорт каражатына салык
  • турак жай имаратына (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган, үй, батир) салык,
  • үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Салык төлөгөнгө чейин маалыматтык эсепти электрондук түрдө Salyk.kg “жеке кабинети” аркылуу же салык органына баруу менен кагаз түрүндө тапшыруу зарыл.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга – 1000 сом, юридикалык жактарга – 5 миң сом суммасында айып каралган.

  • Calculator.salyk.kg сайты аркылуу салыктын суммасын өз алдынча эсептесе да болот. Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg. сайтынан алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500