Транспорт министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду - курулбаган көпүрөгө 5.7 млн сом которушкан

Транспорт министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду - курулбаган көпүрөгө 5.7 млн сом которушкан

Кочкор – Кара-Тоо айылдарын бириктирип турган көпүрөнүн курулушу боюнча Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу ишкананын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Кочкор – Коммунизм автожолунун 1-500 чакырымындагы Чу дарыясынан өтүүчү чоң көпүрөнүн курулушу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

“Текшерүүдө, бюджеттик каражаттар мыйзамсыз жеке курулуш ишканасына алдын ала которулуп берилип, ал эми жеке курулуш ишканасы тарабынан курулуш иштери аткарылбай, мамлекетке 5 млн 728 миң 133 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталды”, – деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

Бул факты боюнча Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Шавкат Мирзиёев Борбор Азиянын жеңилдетилген бажы режимдерин киргизүүнү сунуштады

Шавкат Мирзиёев Борбор Азиянын жеңилдетилген бажы режимдерин киргизүүнү сунуштады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кечээ Астана шаарында өткөн Регионалдык экологиялык саммиттинде экология тармагындагы аймактык кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган демилгелерди көтөргөнүн Kazinform жазды. Алсак, ал өлкөлөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо үчүн Борбор Азиянын Кызыл китебин биргелешип иштеп чыгууну сунуштады. "Бул иштин координатору Ташкенттеги жаратылышты коргоо боюнча эл аралык союздун аймактык кеңсеси

Кыргызстан менен Албаниянын экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Албаниянын экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн, 2026-жылдын 22-апрелинде, Бакыт Сыдыков Албания Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Блерта Кадзадеж айым менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тараптар өз өлкөлөрүнүн экономикасынын өнүгүү тенденциялары жана артыкчылыктары, жүргүзүлүп жаткан реформалар, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана ишкердикти колдоо боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты. Министр Бакыт Сыдыков экономикалык

Садыр Жапаров Аралды сактап калуу боюнча демилге көтөрдү

Садыр Жапаров Аралды сактап калуу боюнча демилге көтөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астана шаарында өткөн Аралды сактап калуу эл аралык фондун (АСЭФ) негиздөөчү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүнөн билдиришти. Иш-чарага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дагы

ЖАМКнын №16 мекемесинде ун чыгаруучу тегирмен ишке кирди

ЖАМКнын №16 мекемесинде ун чыгаруучу тегирмен ишке кирди

Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №16 мекемесинде жаңы өндүрүштүк ун чыгаруучу тегирмен расмий түрдө ишке киргизилди. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ачылыш аземине ЖАМК төрагасынын орун басары Улан Жолдубаев, GCERF уюмунун өкүлү Ирина Ульмасова-Олив, «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун президенти Тажыкан Шабданова, Коопсуздук