Январь-июнь айларында республиканын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд долларга жетти

Январь-июнь айларында республиканын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд долларга жетти

Январь-июнь айларында республиканын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаровдун берген маалыматына ылайык, биринчи жарым жылдыкта ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жалпы ИДПсы 3.6%га өскөн. Тагыраак айтканда, өнөр жайдын көрсөткүчтөрү – 1.8%га, айыл чарба – 1.6%га өсүү тенденциясын көрсөтүп, негизги капиталга инвестициялардын көрсөткүчтөрү да 11.1%га өскөн.

“2022-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча КРнын ИДПсынын өсүү тенденциясы сакталууда. Алсак, реалдуу өсүү темпи 107.7%ды түзүп, анын көлөмү 425 млрд сомду түздү.

Январь-июнь айларында республиканын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25.4%га өстү. Интеграциялык бирикмеге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын өсүшү 6 айда 34%ды түзсө, экспорт – 69%га, импорт 23%га өскөн”, – деди Жапаров.

Ошондой эле микабдын жетекчиси ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин улуттук төлөм карттарын өз ара кабыл алууну камсыз кылуу, өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталардын үлүшүн ырааттуу жогорулатуу менен корреспонденттик эсептерди пайдалануу менен эсептешүүлөрдү өнүктүрүү, ЕАЭБ мүчө мамлекеттер ортосунда финансылык маалыматтарды тоскоолдуксуз өткөрүү, уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарынын валюталык жуптары менен биржалык сооданы өнүктүрүү маселелери боюнча зарыл сунуштар аныкталганын белгиледи. 

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500