Жарым жылда КР менен Россиянын өз ара соода жүгүртүүсү 1.5 млрд долларды түздү

Жарым жылда КР менен Россиянын өз ара соода жүгүртүүсү 1.5 млрд долларды түздү

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Жапаров эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштардын туруктуу өнүгүүсү байкалып жатканын белгиледи.

“Биринчи жарым жылдыкта РФ менен өз ара соода жүгүртүү 39%га өсүп, 1 млрд 426.5 млн долларды түздү, ал эми биздин республикадан Россияга экспорт дээрлик эки эсе өстү”, – деди ал.

Минкабдын маалымат кызматы жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2021-жылы Кыргызстан Россияга 134 млн доллардык айыл чарба продукциясын (мөмө-жемиш, жашылча, сүт азыктары жана балык) экспорттогон. Ошол эле кезде Россия Кыргызстанга импорттогон айыл чарба продукциясынын көлөмү болжол менен 250 млн долларды түзгөн, бул негизинен дан азыктары жана өсүмдүк майы болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Токтобүбү Ашымбаева: Мугалимдердин айлыгын көтөрүүдө теңсиздик бар

Токтобүбү Ашымбаева: Мугалимдердин айлыгын көтөрүүдө теңсиздик бар

Жогоорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева мугалимдердин айлык акысынын көтөрүлүшүндө теңсиздик болуп жатканын айтты. Ашымбаеванын айтымына карганда, 2022-жылы мугалимдердин эмгек акысы көтөрүлгөндө, предметтик коеффиценттер бирдей болбой калган. Мындан улам маяналарда айырмачылыктар жаралган. Мугалимдердин тынчсыздануусунун себеби коеффиценттер теңдештирилбесе, айлыктагы айырмачылыктар мындан дагы көп болот”, - деди депутат. Эске салсак, буга чейин быйылкы

Кара-Кулжада 3000 тонна силос өндүрүү пландалууда

Кара-Кулжада 3000 тонна силос өндүрүү пландалууда

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы “Калпак” айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин базасында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан семинар-кеңешме уюштурулду. Иш-чарага райондун дыйкан-фермерлери, айыл өкмөт башчылары жана тийиштүү адистер катышты. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, семинардын жүрүшүндө тиешелүү кызмат өкүлдөрү дыйкан-фермерлерге өз тармактары боюнча кеңири адистик кеңештерди

Кыргызстан ЕБ санкцияларына каршы, айланып өтүүчү инструментти колдонгон биринчи өлкө болду

Кыргызстан ЕБ санкцияларына каршы, айланып өтүүчү инструментти колдонгон биринчи өлкө болду

Кыргызстан Европа Биримдиги колдонгон санкцияларга каршы, айланып өтүп атайын инструментти колдонгон биринчи өлкө болуп калгандыгын Экономист.кг сайты Reuters басылмасына шилтеме берип, жарыялады. 22-апрелде бекитилген санкциялардын 20-пакетинин алкагында, Брюссель Кыргызстанга кош багыттагы маанилүү товарларды жеткирүүгө түздөн-түз тыюу салды.  Тыюуга эмнелер кирди Европа биримдиктин чечими республикалык карым-катнашты жогорку көзөмөл режимине алмаштырып

Декреттен башталган бизнес: Экожалаяк тигип ийгиликке жеткен ишкер айым

Декреттен башталган бизнес: Экожалаяк тигип ийгиликке жеткен ишкер айым

Тажикстандын Мургаб аймагынан келип, Бишкекте жашап калган декреттеги жаш эне Салима Жапарова эки баланы тарбиялоо менен катар экологиялык жалаяктарды тигип, өз ишкерлигин өнүктүрүп келет. Алгач жөн гана баласына ыңгайлуу, зыянсыз жалаяк тигүү идеясы бүгүн кардарлары бар чакан өндүрүшкө айланды. Кыйынчылыктарга карабай, карыз алып иш баштаган каарманыбыздын ийгиликке карай жолу, мотивациясы