Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамагенттик айрым банктарга жарандардын жеке маалыматтарынын сыртка чыгуу тобокелдиги боюнча суроо-талап жөнөттү

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамагенттик айрым банктарга жарандардын жеке маалыматтарынын сыртка чыгуу тобокелдиги боюнча суроо-талап жөнөттү

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик айрым банктарга жарандардын жеке маалыматтарынын сыртка чыгуу мүмкүндүгү тууралуу суроо-талаптарды жөнөттү. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Интернет-банкинг чөйрөсүндөгү эң ири программалык камсыздоо
провайдери Right Line хакердик чабуулу тууралуу ЖМКларда
тараган маалыматка байланыштуу министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик
агенттик Кыргызстандагы айрым банктарга суроо-талаптарды жөнөттү.

Жарандардын жеке маалыматтарынын ачыкка чыгышынын мүмкүн болуучу тобокелдиктеринен коргоо максатында, Мамлекеттик агенттик бул окуяга байланыштуу банктар тарабынан көрүлгөн чаралар жөнүндө толук маалыматты сурады.

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик
жарандарды жеке маалыматтары менен колдонууда сак болууга чакырат.

“Банктык реквизиттерди бөлүшпөңүз, онлайн сатып алууда этият болуңуз, шектүү билдирүүлөрдү ачпаңыз, компьютериңизге жана уюлдук телефонуңузга белгисиз тиркемелерди орнотпоңуз”, – деп билдиришти агенттиктен.

Эскерте кетсек, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик 2022-жылдын 10-январынан тарта иштеп баштаган.


Белгилей кетсек, жакында эле украиналык хакерлер Россиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн банктары үчүн программалык камсыздоо боюнча эң ири жеткирүүчү болгон россиялык Right Line компаниясынын маалыматтык коопсуздугуна чабуул жасаганы белгилүү болгон. Бул компания аркылуу россиялык банктардын, ошондой эле Кыргызстандагы эки банкы «Банк Кыргызстан» жана «ФИНКА Банктын» кардарларынын документтерине жана маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгү алынганы айтылган эле.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500