Бөлтүрүк Кытайдын оор машина куруу корпорациясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

Бөлтүрүк Кытайдын оор машина куруу корпорациясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

«Кумтөрдүн» мурдагы тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк жетектеген «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы («УКМ») Кытайдын Улуттук оор машина куруу корпорациясы (СMS, China National Heavy Machinery Corporation) менен кызматташуу жөнүндө меморандумуна кол койду.

УКМнын атынан Бөлтүрүк меморандумга кол койгон, бирок СНМС тараптан ким кол койгонун холдингдин басма сөз кызматы маалымат берген жок.

Меморандумга кол коюу аземи 24-августта, башкача айтканда, Эсеп палатасы “Кумтөрдө” каржылык мыйзам бузууларды аныктап, “Бөлтүрүк” кенди башкаруу кызматынан алынгандын эртеси күнү болгон.

УКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, түзүлгөн меморандумдун алкагында «тараптар тоо-кен, гидроэнергетика жана логистика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча иш алып барууну макулдашышкан».

Холдинг ошондой эле CHMC жол куруу жана айыл чарба машиналарын, коммерциялык унааларды, станокторду жана ар кандай өнөр жай жабдууларын чыгарууга адистешкен эң ири кытайлык мамлекеттик конгломераттардын бири экенин, ошондой эле энергетика жана транспорт объектилерин куруу менен алектенерин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500