Бийлик эмнеге КРнын «Центеррадагы» 656 млн долларлык акциясын алып калганга аракет кылбады? - Бириккен демократиялык кыймылы

Бийлик эмнеге КРнын «Центеррадагы» 656 млн долларлык акциясын алып калганга аракет кылбады? - Бириккен демократиялык кыймылы

КРдагы оппозициячыл “Бириккен демократиялык кыймылы” 27-августта президент Садыр Жапаровдун “Кабар” мамлекеттик маалымат агенттигине берген маеги боюнча билдирүү жасашты.

Аталган кыймыл Садыр Жапаров айткан “Центеррадагы” 26% үлүш, (баасы 500-600 млн доллар) жөн эле кагаз болуп калганы, “30 жылда 30 тыйын дивиденд бербеген акциянын эмне кереги бар” деген билдирүүсүнө токтолду.

“Ошол эле учурда 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча ошол акциялардан түшкөн 11 млн доллар дивиденддерди төлөттүк деп өзү билдирди. Эгерде жылына ушундай өлчөмдө дивиденд алып турсак, анда 30 жылда ал киреше канча болгонун эсептеп алгыла. Жөн эле кагаз болсо, эмнеге “Кыргыз Алтындын” жетекчиси Кыргызстандын үлүшүн бербейли деп аракет жасады? “Центерранын” акциялары жөн эле кагазга айланып ит бекер кетип калбашы үчүн, бийлик эмне аракет жасады?

Торонто биржасынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын январ айында Кыргызстандын 26% акциясынын баасы 656 млн 366 миң доллар болчу. Эмнеге 656 млн доллар турган акцияларды сатып же Кыргызстанга калтырганга аракет жасаган жок? Ар кайсы өлкөлөрдөн бюджетти колдоо үчүн тилемчилик кылып жүргөн өкмөтүбүзгө, кантип 656 млн доллар “жөн эле кагаз” болуп калган? – деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, президент жогоуда аталган агенттикке берген маегинде: “Акциябыздан эмнеге баш тарттык, 500-600 миллиондук акциябыз бар болчу” дешет. “30 жылда 30 тыйын дивиденд пайда албаган акциянын эмне кереги бар?” демекчимин. Биз “Кумтөрдү” алып кеткенден кийин андан да ылдый түшүп калды. Ал акцияларыбыз жөн эле бир кагаз болуп калган”, – деген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500