Быйыл айыл чарба техникалары лизингге эң көп Чүй облусуна берилди

Быйыл айыл чарба техникалары лизингге эң көп Чүй облусуна берилди

Быйыл лизингге берилген жалпы айыл чарба техникаларын (7 862.3 млн сомго 4299 даана техника) облустар боюнча алып караганда эң көп санда Чүй облусуна берилген. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлигинин берген маалыматынан көрүүгө болот.

“Айыл Банк” ААК аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингге берип келүүдө.

“Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 7.8 млн сомго 4299 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, ал эми 2022-жылы 1.6 млн сомго 524 техника берилген”, – дейт министрлик.

  1. Лизингге берилген жалпы айыл чарба техникаларын облустар боюнча алып караганда:
  • Чүй облусу – 3 052.3 млн сомго 1280 техника
  • Ысык-Көл облусу – 1 243.8 млн сомго 614 техника
  • Ош облусу – 1 234.8 млн сомго 695 техника
  • Жалал-Абад облусу – 1 009.2 млн сомго 718 техника
  • Талас облусу – 634.6 млн сомго 501 техника
  • Нарын облусу – 371.3 млн сомго 245 техника
  • Баткен облусу – 316.3 млн сомго 246 техника берилген.

2. Ал эми 2022-жылы лизингке берилген техникаларды (1 677.3 млн сомго 524 даана техника) облустар боюнча алып караганда:

  • Чүй облусу – 486.8 млн сомго 142 техника
  • Ысык-Көл облусу – 413.8 млн сомго 74 техника
  • Ош облусу – 294 млн сомго 102 техника
  • Жалал-Абад облусу – 248.5 млн сомго 105 техника
  • Талас облусу – 110 млн сомго 52 техника
  • Нарын облусу – 100.9 млн сомго 40 техника
  • Баткен облусу – 23.1 млн сомго 9 техника берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500