Чүй облусунда кумшекер 88-90 сомдон сатылууда - жыл башынан бери 41%га кымбаттады

Чүй облусунда кумшекер 88-90 сомдон сатылууда - жыл башынан бери 41%га кымбаттады

Кум шекердин 1 килограммы 5 сомго чейин төмөндөдү жана ал 88-90 сомду түзүүдө. Мындай маалыматты Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги 26-августта Сокулук районунун аймагында социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларына жүргүзгөн мониторингине таянып билдирди.

Агенттикке сатуучулардын айтуусу боюнча, социалдык жактан маанилүү товарларга болгон баалар туруктуу, запастар жетиштүү көлөмдө.

“Акыркы күндөр ичинде кум шекерге болгон баанын төмөндөшү байкалууда, анткени чекене баа орто эсеп менен 1 килограммга 5 сомго чейин төмөндөдү жана 88-90 сомду түздү”, – деп айтылат маалыматта.

Мониторинг Шопоков шаарында жана Сокулук айылынын аймагындагы “Жибек Жолу” борбордук базарын, “Глобус” жана “Фрунзе” соода тармактарын, 10 дүкөндү жана 20дан ашык майда сатуу түйүндөрүн камтыган.

“Мониторинг учурунду Шопоков шаарында “БМ” дүкөнүндө кум шекер 115 сомдон сатылып жатканы аныкталып, администратор менен болгон түшүндүрүү иштеринен кийин кум шекер сатуудан алынып салынды. Ушундай иштер дагы 2 дукөндө жүргүзүлдү”, – дейт агенттик.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын бардык аймактарында азык-түлүктүн баасы кескин көтөрүлдү. Жыл башынан бери эң көп кумшекер — 41%га жана ун — 25.5%га кымбаттап, ал эми мөмө-жемиштер — 20.7%га, сүт азыктары — 16.7%га, нан — 14.5%га, гречка — 14.3%га, балык — 13.4%га, алкоголсуз суусундуктар — 13.2%га, кой эти — 12.9%га, уй эти — 7%га, жашылчалар — 3.7%га кымбаттаган. 

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500