«Кыргызиндустрия» ААК кореялык BK MEDICARE компаниясынын иши менен таанышты

“Кыргызиндустрия” ААКтын президенти Жарасул Абдураимов Корея Республикасына болгон иш сапарынын алкагында таанышуу жана кызматташтыкты түзүү максатында BK MEDICARE компаниясына барган.

Аталган ААКтын берген маалыматына ылайык, Абдураимовго жолуккан компаниянын башкы директору Ён-Джун Парк ишкана Кореяда ар кандай өлчөмдөгү ар түрдүү медициналык пластырларды жасоо боюнча алдыңкы ишканалардын бири экенин жана “3М” компаниясы менен болгон макулдашууга ылайык, алардын буйрутмасынын негизинде пластырларды чыгараарын айтып берген.

“Ошондой эле Абдураимов BK MEDICARE компаниясынын Кыргызстандагы иши жөнүндө маалымдап, “Кыргызиндустрия” ААК менен мындан ары кызматташууга ниетин билдирди. Жолугушуунун соңунда Абдураимов Ён-Джун Парк мырза менен биргеликте ар кандай өлчөмдөгү пластырлардын көп түрүн чыгаруучу заводдун ишин талкуулашты”, – деп айтылат билдирүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды