Садыр Жапаров «белгисиз өлкөгө сатылып жаткан алтын» тууралуу пикирин билдирди

Садыр Жапаров «белгисиз өлкөгө сатылып жаткан алтын» тууралуу пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда “Кумтөрдүн” иши жана Кыргызстандан өткөн жылы 1.1 млрд долларлык 19.2 тонна алтындын “белгисиз өлкөгө” экспорттолушу тууралуу пикирин билдирди.

Жапаровдун айтымында, алтынды жүктөп, чет өлкөгө алып кетип жатканда, коопсуздук үчүн баары жашыруун болот.

“Кайсы өлкөгө, кайсы убакта, кайсы самолёт менен алынып кетип жаткандыгы өзгөчө жашыруун. Бул элден жашырыш үчүн эмес, коопсуздукту камсыз кылыш үчүн болот. Элестеткиле, Улуттук банк бир млрд доллардын алтынын алып кетип жатса, жетчү өлкөгө жетиш үчүн канча деген өлкөлөрдүн үстүнөн учуп өтөт. Анан баланча тонна алтынды баланча өлкөгө, баланча рейс менен алып кетип жатабыз деп жар салса, албетте, жетпей калышы мүмкүн.

Мындан ары да кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы айтылбайт. Чет өлкөлүк банкка алып барып, дүйнөлүк биржанын баасы менен сатып келип турат. Бардык документтер жазылып, архивдерде өмүр бою сакталып калат”, – дейт президент.

Ошондой эле Жапаров кенден бир грамм алтынды эч ким уурдай албай тургандыгын, ар бир пунктта беш-ондон киши актыга кол коюшарын жана баары санариптештирилип, 24 саат бою видеокөзөмөлдөр коюлганын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500