Ысык-Көлдөгү «Ак-Булак плюс» сүт заводу сүттү кайра иштетүүнү суткасына 100 тоннага чейин көбөйтөт

Ысык-Көлдөгү «Ак-Булак плюс» сүт заводу сүттү кайра иштетүүнү суткасына 100 тоннага чейин көбөйтөт

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Каракол шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү ири ишкана «Ак-Булак плюс» ЖЧКсына 1 млн доллар жеңилдетилген насыя берип, өндүрүштүн кубаттуулугун суткасына 100 тонна сүткө жеткирүүгө жардам берди. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, ишканада май, сыр жана кургак сүт чыгаруучу цехтер бар. Жыл ичинде сүттүн максималдуу алынышы суткасына 80 тоннага, орточо суткалык кайра иштетилиши 30 тоннага жетет.

Жалпысынан «Ак-Булак плюс» менен 67 сүт ташуучу ферма кызматташат. Ишкананын продукциялары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россиянын ири шаарларына экспорттолот. Учурда Кытайга жеткирүү үчүн байланыштар түзүлүүдө.

ОКӨФтүн жеңилдетилген насыясынын аркасында “Ак-Булак плюс” компаниясы суткасына 10 тоннага чейин продукция чыгаруучу европалык деңгээлдеги жаңы автоматташтырылган сыр чыгаруу линиясын ишке киргизди. Аталган фонд ишкана күн сайын 100 тоннага чейин сүттү кошумча иштете аларын жана жумушчу орундардын саны дагы көбөйөрүн белгиледи.


Белгилей кетсек, «Ак-Булак плюс» ЖЧКсы «Кант-Сүт» ЖЧКсы менен биргеликте Кыргызстанда «Белая река» соода маркасы менен өз продукциясын сатыкка чыгарып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500