Бишкектен Пакистандын Лахор шаарына аба каттамы ачылды

«Манас» эл аралык аэропорту» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) Бишкек — Лахор аба каттамы ачылганын кабарлады.

«МЭА» ААК ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек – Лахор – Бишкек багыты боюнча туруктуу каттам аткара баштаганын кабарлады.

Белгиленген багыт боюнча туруктуу авиакаттам биринчи жолу ачылып жатат. Учуулар жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарылат.

Аталган авиакомпанияга караштуу учак Пакистандын эң ири шаарларынын биринде 2022-жылдын 30-августунда конгон.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды