Микрокредиттерди эң көп Бишкек шаарынын тургундары алышат - жалпы көлөмдүн 18.5%

Микрокредиттерди эң көп Бишкек шаарынын тургундары алышат - жалпы көлөмдүн 18.5%

Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек шаарында берилип келет (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 18.5%). Бул тууралуу Улутстаткомдун маалыматында айтылат.

Мындан сырткары, Бишкектен тышкары эң көп алуучулардын катарына Ош (18%), Чүй (16%) жана Жалал-Абад (14%дан ашык) облустарынын жашоочулары кирет.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 42% керектөөчүлүк муктаждыктарга берилген, 28% – айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталса, 12% – соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө, 6%дан ашыгы – курулушка берилген.

I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши

                  (микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

Ошондой эле жылдын жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 17.4 млрд сом суммасында кредиттер берилип, алуучулардын саны 298 миңге жакын адамды түзгөн. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 9.5%, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү – 1.7%га азайган.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500