Жарым жылда республикалык бюджеттин кирешеси 122 млрд сомду түздү - жылдык 282.1 млрд сом өлчөмүндө бекитилген

Жарым жылда республикалык бюджеттин кирешеси 122 млрд сомду түздү - жылдык 282.1 млрд сом өлчөмүндө бекитилген

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешеси 122 млрд сомду түздү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 31-августта КРнын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо сөзүндө айтты.

“Бул көрсөткүч өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгына салыштырмалуу 49.5% же 40.4 млрд сомго өстү”, – деди Жапаров.

Ошондой эле президент жүргүзүлүп жаткан каржылык-экономикалык саясаттын негизинде ушул жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, бюджеттик чөйрөдө, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү, калкты социалдык жактан камсыздоо жана башка чөйрөдө эмгектенген кызматкерлердин айлык маянасын сезилерлик көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн кошумчалады.


Эскерте кетсек, Жапаров «КРнын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамга кол коюп, анда мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2022-жылы республикалык бюджетти 282.1 млрд сом өлчөмүндө бекиткен.

2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 295.8 млрд сомду жана 312.2 млрд сомду түзүшү күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500