9-сентябрда Бишкекте кыргыз-япон IT-форуму өтөт

9-сентябрда Бишкекте кыргыз-япон IT-форуму өтөт

9-сетябрда «КРнын Жогорку технологиялар паркы Жаңы Жибек Жолундагы виртуалдык порт катары» деп аталган Кыргызстан менен Япониянын өкүлдөрүнүн катышуусунда экинчи эл аралык IT-форум өтөт. Бул тууралуу Жогорку технологиялар паркы билдирди.

Белгилей кетсек, биринчи форум ушул жайдын башында Токиодо өткөн болчу.

“Форумда Япониянын Өнөр жай технологияларынын Өркүндөтүлгөн (Жогорку) институтунун эң мыкты адистери (университет долбоордук окутуу ыкмасына негизделген билим берүү программаларын сунуш кылат) санариптик трансформация доорундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришет”, – деп айтылат ЖТПнын маалыматында.

Бишкекте өтүүчү иш-чарага бир катар чет мамлекеттердин академиялык чөйрөсүндө жакшы таанылган AIIT профессору Мицухиро Маэданын келиши күтүлүүдө. Маэда кадрларды даярдоонун жана өнүктүрүүнүн жаңы системасын түзүүнүн япон методологиясы менен бөлүшөт.

“Ал эми дагы бир спикер Ширай Такако Кыргызстан менен Япониянын биргелешкен долбоорлорунун жыйынтыктары тууралуу айтып берет. Ал эми Томоки Кобояши менен Мари Аоба киберкоопсуздук тобокелдиктерин башкаруу жана трафикти пландаштыруунун мультимодалдык тиркемесин колдонуу боюнча өз сунуштары менен бөлүшөт. Акыркы эки спикер Кыргызстанда ишканаларды ачууну каалап, өнөктөш издеп жатышат”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500