Мамлекеттик монополия ишке кирди - «Кара-Балта спирт заводу» иштей баштады

Мамлекеттик монополия ишке кирди - «Кара-Балта спирт заводу» иштей баштады

«Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасы президенттин жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-августунан тарта крахмал камтыган сырьенун негизинде (буудай даны) этил спиртин өндүрүүнү баштады. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

“Учурда ишкана менен алкоголдук жана медициналык продукцияны өндүрүүчүлөрдүн ортосунда этил спиртин жеткирүү боюнча келишимдер түзүлүп, ал  ишке ашырылууда”, – деп айтылат билдирүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата 35 632.53 декалитр «Люкс» классындагы спирт өндүрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери 67 миң 453.4 декалитр ректификацияланган этил спирти өндүрүлүп, анын 60 миң декалитрден ашуун көлөмү сатылган.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып өлкө аймагында этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга 100% мамлекеттик монополия киргизилет деген президенттин жарлыгына кол коюлган.

  • «Кара-Балта спирт заводу» МИ – этил спиртин өндүрүү боюнча толук жабдылган ишкана. Негизги багыты спирт өндүрүшү болуп саналат. Ишкана курамында крахмал бар сырьену (3, 4, 5-класстагы буудай) да, кант камтыган сырьену да (кызылча патока, чийки кант) кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500