Өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча «Антиконтрафакт» форуму өтөт

Өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча «Антиконтрафакт» форуму өтөт

2022-жылдын 26-сентябрынан 28-сентябрына чейин Бишкек шаарында “Антиконтрафакт” 10-мааракелик эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Форум өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо маселелерине арналган.

Форумда төмөндөгү маселелердин каралуусу кутүлүүдө:

  • ЕАЭБ мыйзамдарын жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча позитивдүү эл аралык тажрыйбаны киргизүү
  • ЕАЭБде интеллектуалдык менчикке укуктарды коргоо механизмдерин, продукциянын шайкештигин тастыктоо жана продукциянын сапатын натыйжалуу контролдоо боюнча аспаптарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу
  • товарлардын жүгүртүүсүн идентификациялоо жана көзөмөлдөө максатында инновациялык технологияларды киргизүү, маалыматтык технологияларды жана техникалык каражаттарды колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу
  • ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомчулугунун ишинин маалыматтык ачыктыгын жогорулатууга көмөктөшүү, ошондой эле өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу.

Форумдун уюштуруучулары: министрлер кабинети, Евразия экономикалык комиссиясы, “Антиконтрафакт” эл аралык ассоциациясы.

Форумдун оператору: Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент).

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500