Салык кызматы дээрлик 100 млрд сом салык чогултту - дагы 56 млрд чогултуш керек

2022-жылдын январь-август айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 99 млрд 961.4 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Мекеме белгиленген план 1 млрд 445.5 млн сомго ашыгы менен чогултулганын (аткаруу 101.5 %) маалымдады.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 33 млрд 829.4 млн сомго көп жыйналган же өсүү ыргагы 151.2 %ды түздү.

Буга чейин Economist.kg кабарлагандай, Мамлекеттик салык кызматына 2022-жылы 155.6 млрд сом салыктарды жана 41.7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча тапшырма коюлган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды